Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:44

Түркмөнстан президенттик мөөнөттү узартканы жатат


Түркмөнстандын депутаттары президенттин жашын 70ке чектеген конституциялык мыйзамга өзгөртүүнү карап жатышат. Конституциялык комиссия мындан сырткары президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга узартууга аракет кылат. Бул тууралуу межлис жетекчилиги билдирди.

Мындай өзгөртүүлөр авторитардык режимдин кожоюну, 57 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедовдун өмүрү өткөнчө президент бойдон калышын шарттайт.

Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурат Ниязовдун өлүмүнөн кийин президенттикти өз колуна алган. Ал 2012-жылы кайра шайлоодо 97 пайыз добуш алганы айтылат. Бирок эл аралык байкоочулар шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып келишет.

Дүйнө жүзү боюнча мунайга бай өлкө саналган Түркмөнстан эл аралык уюмдардын рейтингинде репрессиялык мамлекеттердин катарына кирет. Өлкөдө сөз эркиндиги жана демократия чектелген.

XS
SM
MD
LG