Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Башкы прокуратура “Вечерний Бишкектин” жазганын четке кагууда


Башкы прокуратура “Вечерний Бишкек” басылмасынын Алмамбет Анапияевдин өлүмүн иликтөө боюнча жазган маалыматын четке какты. 14-майда аталган басылма Беларустун Тергөө комитетинин маалымат катчысы Сергей Кабаковичке шилтеме берип, Анапияевдин өлүмү боюнча кыргыз тарап эч кандай маалымат жибербегенин жазып чыккан.

Бирок Башкы прокуратура ага чейин эле Беларус тарапка аталган иш боюнча маалымат жөнөтүлгөнүн билдирүүдө. Ошондой эле Беларустун Тергөө комитети “Вечерний Бишкек” басылмасына эч кандай комментарий бербегенин Башкы прокуратурага кабарлаган.

Кримтөбөл атыккан Алмамбет Анапияевдин бычакталган сөөгү үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Беларустун борбору Минск шаарында табылган.

Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн. Мындан соң анын өлүмүн эки өлкө күч органдары биргеликте иликтери кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG