Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Сариев: “Кыргызалтындын” финансылык абалы абдан начар


Макмал алтын кенинин жумушчулары
Макмал алтын кенинин жумушчулары

Мамлекетке караштуу “Кыргызалтын” компаниясынын финансылык абалы абдан начар. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Казакстанда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, компанияга караштуу Макмал кениндеги негизги карьерде алтын запасы түгөндү. Буга кошумча, компаниянын технологиясы эскирди. Ошондуктан, өкмөт башчы компания жаңыча иштеп, ишин оптималдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Жума күнү “Кыргызалтындын” башчылыгына бекитилген Алмазбек Алимбековго бул багытта иш алпаруу тапшырмасы берилгенин Сариев кошумчалады.

Буга чейин “Кыргызалтын” Макмал алтын кениндеги оор абалдан улам жумушчуларды төрт сааттык режимге өткөргөнүн кабарлаган.(BkA/KE)

XS
SM
MD
LG