Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Саакашвили Одессанын губернатору болуп дайындалды


Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Украинадагы Одесса облусунун губернатору болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Петро Порошенко кол койду.

Ага чейин Порошенко Саакашвилиге Украинанын жарандыгын берүү боюнча жарлыкка кол койгон эле. Анда грузин экс-президентине жарандык берүү Украинанын кызыкчылыгын көздөрү жазылган.

Буга чейин Михаил Саакашвили Украинада реформа боюнча консультативдик кеңешти жетектеп келген.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган Михаил Саакашвили өлкөдөн эки жыл мурун чыгып кеткен. Бул өлкөнүн жаңы бийлиги экс-президентке кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан ашыкча пайдаланган жана парламент депутатына кол салууну уюштурган деген айып таккан. Өткөн жылы августта Грузиянын Башкы прокуратурасы Саакашвилиге эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Жума күнү Тбилисинин соту Саакашвилиге козголгон кылмыш ишти кыскартуу боюнча өтүнүчтү четке каккан.

XS
SM
MD
LG