Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Москвада бир нече кумса активист кармалды


Орус полициясы кумсалардын укугун коргогон бир нече активистти камады. Алар Москванын борборунда уруксатсыз митинг өткөрүүгө аракет кылышкан. Акцияга чыккан кумсаларды отузга жакын улутчул жумуртка менен урушкан. Жыйынтыкта полиция акцияга чыккан активисттерди кармап кетти. Укук коргоочулар бул акцияны өткөрүүгө уруксат сурап Москва бийликтерге кайрылган. Бирок бийлик ага тыюу салган эле. Орусияда кумсалар басым алдында жашап жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG