Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

“Манаста" Ошко каттам эки сааттан бери кармалууда


“Манас” аэропортунда Бишкек-Ош каттамындагы учак эки сааттан бери кармалып учпай турат.

Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн бири Гүлүмкан Урустамова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учак "Эйр-Манас" ("Пегасус”) компаниясына таандык. Аталган компания өкүлдөрү жүргүнчүлөргө эч кандай түшүндүрмө берген эмес. Ал эми түшүндүрмө талап кылган жүргүнчүлөргө аэропорттун кызматкерлери орой мамиле кылып, жаңжал чыккан.

Жүргүнчүлөр компаниянын жоопкерсиз мамилесине нааразы болуп жатышат.

Авикомпаниянын жетекчиси Илгар Алптекин кечигүүнүн себебин Екатеринбургдан келчү учактын кармалышы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Екатеринбургдан келчү учакта Ошко кетчү жүргүнчүлөр болгон. Бул окуя үчүн авиакомпания өкүлдөрү кечирим сурап, учактын жакынкы мүнөттөрдө учарын билдирди.

XS
SM
MD
LG