Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Сузак: көчкүдөн жабыркагандар көчүрүлчү жер табылды


Сузактын Кыржол айылындагы жер көчкүдөн жабыркаган 10 үй-бүлө көчүрүлчү жер табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу Төрөгелди Түркбаев кабарлады. Анын айтымында, райондагы Жашасын айылынын аймагынан бул он үй-бүлө үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилет. Ал үчүн керектүү документтер топтолуп, өкмөткө жөнөтүлдү. Андан соң Кыржол айылындагы башка тургундарды көчүрүү боюнча иштер башталмакчы.

Кыржол айылында 24-майда көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Кырсыкта алты адам каза таап, айылдын беш тургуну жаракат алган.

Айылга президент Алмазбек Атамбаев барып, жергиликтүү бийликке кооптуу жерлерде турган бардык адамдарды башка жакка көчүрүүнү тапшырган. (RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG