Жазаны күчөтүү үчүн Жаза-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизилүүдө. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылганы Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланды. Ага ылайык, балдарга карата кылмыштарга жазаны күчөтүү жана эки тарап жарашты деп жоопкерчиликтен бошотууну алып салуу каралган.
Демилгечилер мыйзам долбоордун негиздемесинде “Ата-энелери жарашуу жөнүндө “тосмо арыз” жазса жана күч колдонуучуга дооматы жок болсо, мыйзамдардын бул жоболору балдарга карата күч колдонгон кылмыштарды жасаган адамды жазасыз калтырып жатат. Ал эми мындай абал балдарга күч колдонуунун өсүшүнө шарт түзөт” деп айтылган.
Расмий маалымат боюнча, былтыр өлкө боюнча балдарга карата 900дөн ашык зордук-зомбулук кылмышы катталган. ИИМ айрыкча балдарга карата сексуалдык кылмыштар көбөйүп жатканын билдирүүдө. (BkA)