Чукул билдирүү:
31-майда жана 1-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгили-мезгили менен жаан нөшөрлөп жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Аба ырайы:
1-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20;
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20.
1-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 25…27 градус болот.