Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

БУУнун чабарманы Сириядагы акыркы абалга тынчсызданды


БУУнун Сириядагы чабарманы Стеффан де Мистура түндүктөгү Алеппо шаарындагы 71 адамдын өмүрүн алган окуяны айыптады. Анда өкмөттүк эки тик учак аймакка бомба таштаган деп маалымдалууда.

Өкмөттүк тик учактардын Алеппонун Аль-Шаар районундагы базарды бомбалашы бүткүл дүйнө айыптачу окуя болду - деп айтылат Мистуранын билдирүүсүндө.

Сириядагы Байкоо топтору бул окуядан ондогон адамдар жараат алганын кабарлады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча обсерватория Аль-Баб районундагы бомбалоодон кеминде 59, ал эми Аль-Шаар районунда 12 адам өлгөнүн айтууда.

Сириянын президенти Башар Асад болсо өкмөттүк учактар бомба таштаган деген маалыматты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG