Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул тапта өлкөдө ишсиздердин жалпы саны 92 миңден ашарын билдирди. Алардын 52 пайыздан көбүн аялдар түзөт.
Статистикалык маалымат боюнча, жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад облусунда, бул аймакта 13 миңден көп жаран иш издеп жүрөт. Андан кийинки тепкичте Ош облусу - 11 миңден ашуун кишинин жумушу жок. Баткен, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында ишсиздер 6-7 миңдин айланасында. Ал эми Талас менен Ысык-Көл облустарындагы жумуш издегендер беш миңге жетпейт.
Адистер бул көрсөткүч расмий эмес түрдө мындан да көп экенин белгилешет. (SE)