Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Бишкекте педофилияга каршы акция башталат


Педофилияга каршы Бишкекте уюштурулган акциялардын бири.
Педофилияга каршы Бишкекте уюштурулган акциялардын бири.

Активисттерден турган демилгелүү топ бүгүн педофилияга каршы кол топтоо акциясын баштайт. Бир айга созулчу иш-чара аймактарда да уланып, анда бачабаздарга катаал жаза колдонуу, көйгөйдү азайтууга коомчулукту тартуу чакырыгы жайылтылат.

Демилгечи топтун курамында коомдук ишмерлер Кадыр Маликов, Мирлан Турпанов, православдык чиркөө өкүлдөрү жана бир катар уюмдар бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Жеңиш Молдокматов билдирди:

- Кол топтоо боюнча атайын форма иштеп чыктык. Ал саясий уюмдарга, партияларга, коомдук фонддорго эстафета катары берилет. Акциянын жүрүшүндө коомдук угуулар, педофилиянын кесепети тууралуу талкуулар болот.

Кыргызстанда соңку кездери балдарга карата зомбулук, анын ичинде сексуалдык ыдык көрсөтүү фактылары тез-тез ачыкка чыга баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG