Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:26

Египетте Хосни Мубарактын кеңсеси бузулууда


Хосни Мубарак абакта. 29-ноябрь, 2014-жыл.
Хосни Мубарак абакта. 29-ноябрь, 2014-жыл.

Өлкө бийлиги мурдагы президент Хосни Мубарак төрагалык кылган Улуттук демократиялык партиянын баш кеңсесин буза баштады. Аталган имараттын көп бөлүгү 2011-жылы Мубарактын бийлиги кулатылган кезде күйүп кеткен болчу. Кеңсе Каир шаарынын борбордук бөлүгүндө, Нил дарыясына жакын жайгашкан.

Ошондой эле Мубарактын режиминин символу катары эсептелген 14 кабаттуу мунара да жакын арада бузулары кабарланды. Ал деле төрт жыл муруңку козголоңдо өрттөлгөн.

Өкмөт бул имараттарды үч айда бузуп, ордуна сейил бак курууну чечкен.

Хосни Мубарак 2011-жылы январдагы демонстранттардын өлүмүнө айыпталып, камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG