Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Үмөталиева: ИИМ Чакиев боюнча тергөө купуялыгын бузду


Максат Чакиев негизсиз караланып жатат жана Ички иштер министрлиги тергөөнүн купуялыгын бузду. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, "Чакиев пара берип жаткан учур" деп интернет аркылуу таратылган видео монтаждалгандыктан анын чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн эмес, себеби ал музыка менен коштолгондуктан ким эмне деп сүйлөп жатканы белгисиз.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев өткөн аптада кармалган. ИИМ ал өзүнө караштуу кылмыш ишти жаап берүү өтүнүчү менен милицияга 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды деп билдирген.

Чакиев Бишкек ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. Ал өзү же адвокаттары азырынча эч комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG