Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Тынчтык корпусунун ыктыярчыларынын вело-жүрүшү башталды


Кыргызстандагы тынчтык корпусунун 19 ыктыярчысы, ишкерлер жана фитнес сүйүүчүлөр вело-жүрүштү бүгүн Каракол шаарынан башташты. Алар он күндүн ичинде Ысык-Көлдү айланып чыгып, жалпысынан 462 чакырымды басып өтүшмөкчү.

Ыктыярчылар жүрүштүн алкагында облуста 5 айылга токтоп, мектеп окуучуларына «Биз сергек жашоо үчүн» темасында мастер-класстарды өтүшөт. Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чара сергек жашоону даңазалоо менен бирге жаштарда лидерлик сапаттарды өнүктүрүү максатын көздөйт.

Тынчтык корпусу Кыргызстандагы ишмердигин 1993-жылдан бери жүргүзүп келатат. Корпустун ыктыярчылары өлкөдөгү бардык спорттук иш-чараларга катышып турушат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге спорттук иш-чараларды уюштурууга жана аны өнүктүрүүгө салымдарын кошуп келишет. (ASa)

XS
SM
MD
LG