Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү үчүн кол топтоо башталды


Кыргызстанда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү үчүн кол топтоо акциясы башталды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” “Калыс” кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, акция эки бөлүктөн туруп, бир айга созулат. Анын алкагында кол топтоо баракчасы ар бир саясий партия, мечит, медресе жана чиркөөлөргө таратылат.

Аталган кыймыл буга чейин бачабаздыкка шектелгендерди кармагандарга акчалай сыйлык жарыялай турганын да кошумчалаган.

Кыргызстанда соңку кездери балдарга карата зомбулук жана зордуктоо боюнча талкуулар кызыды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG