Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Ниязалиева: социалдык пакет боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди. Өткөн апта соңуда Бишкектеги тегерек үстөлдө Орусиянын Маалымат жана массалык байланыш министринин орун басары Алексей Волин орусиялык каналдар социалдык пакетке кириши керектигин айткан. Ал республикалар интеграциялык биригүүгө барып жаткан чакта Кыргызстандын аймагында маалыматтык контент болушунун маниси чоң экенин белгилеген.

Волинди кабыл алган Дамира Ниязалиева санариптик телеберүүгө өткөн соң орусиялык каналдардын Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүүсүнө кызыкдар экенин билдирген. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Волин Орусия техникалык жардам берип, кеп-кеңеши менен бөлүшүүгө даяр экенин айткан.

"Алар киргизгиле деген жок, санариптик телеберүүгө өткөндө телеканалдардын маселеси кандай чечилерине кызыкты. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди “Азаттыкка” Ниязалиева.

Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбаева санариптик берүүгө өткөндө 15 телеканал бардык аймакка бекер таратылчу социалдык пакетке киргизилерин, алардын катарында чет өлкөлүк телеканалдар жок экенин билдирген.

Темирбекова кошумчалагандай, “соцпакетке” кошулган каналдардын ар бирине бюджеттен 10 миллион сомдон бөлүнүп берилет. Алар бул каражатка санарипке керектүү жабдыктарды сатып алыш керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG