Орусиянын Жаңы Москва аймагында катуу жол кырсыгы болуп, кыргызстандыктар да жабыркаганы кабарланууда. Дагы беш киши түрдүү жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктап, окуянын чоо-жайы жана каза тапкандардын тек жайы такталып жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Айрым маалымат булактары кырсык 1-июнга караган түнү Киев автожолунун 22-чакырымында катталганын, “Тойота”, “Хюндай” жана ВАЗ-2114 автоунаалары кагышканын жазышууда. (КЕ)