Бүгүн саат 11 жарым чамасында Кыргызстандагы бою эң узун Жеңишбек Райымбеков узак оорудан улам 36 жашында каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ак-Талаа мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жылдыз Мамбетова билдирди.
Жеңишбек буга чейин бутун сындырып алып, кестирүүгө туура келген. Ал бир ай мурун Бишкектеги ооруканадан айылына чыгып келгенден кийин эсине келе албай бир аптадай жаткан.
Жеңишбек Райымбековдун бою 2 метр 36 сантиметр. Кант диабети, бөйрөк оорусу сыяктуу илдеттердин айынан соңку жылдары анын абалы кескин начарлап, жакында бир бутун кестирүүгө аргасыз болгон. Социалдык коргоо министрлиги Израилдин клиникаларынын бири менен аны дарылоо тууралуу макулдашып койгонун, бирок Райымбеков ал жакка баруудан өзү баш тартканын айткан.
Райымбековдун сөөгү жерге 3-июнда берилет. (MiK)