Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Өкмөт бюджет тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карайт


Өкмөт үйүндө бүгүн быйылкы жана 2016-2017-жылдардын бюджети жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланат. Мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн башкы каржылык документи Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп киргенге чейин, Биримдиктеги шарттар эске алынбай туруп кабыл алынган. Андан сырткары, бюджет бекитилгенден соң доллар кымбаттап, мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жаралганы мурда кабарланган.

Кыргызстандын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 103 млрд. 752 млн. сом, чыгаша бөлүгү 118 млрд. 436 млн. сомго барабар болду. Бюджет таңсыктыгы 14 млрд. 683 млн. сомду түздү. (SE)

XS
SM
MD
LG