Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Бишкекте Борбор Азиядагы миграция маселеси талкууланат


Борбор Азиядагы миграция маселесине арналган эл аралык конференция бүгүн Ала-Арча резиденциясында өтөт. Анда мигранттардын, качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселеси талкууланат. Адам сатууга каршы мыйзам-жоболордун колдонулушу, эл аралык кызматташтыкты жандандыруу жаатында да пикир алмашуу болот. Андан сырткары, экстремизмге, коррупцияга, маңзат бизнесине, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жаатындагы байланышты күчөтүү боюнча сунуштар айтылат.

Иш-чараны Жогорку Кеңеш менен Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы бирге уюштурууда. Ага КМШ мамлекеттериндеги парламент депутаттары жана аталган ассамблеянын өкүлдөрү катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG