Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Кыргызстандык спортчу каноэ жарышынан коло утту

Кыргызстандык спортчу кыз Кем Капитолина каноэ боюнча дүйнөлүк Кубокто 500 метрлик жарышта үчүнчү келип, коло байгеге татыды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене-тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Кубок 25-31-майда Франциянын Булонь-Сюр-Мэр шаарында өткөн. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн спортчу айымдар катышты. Капитолина каноэ боюнча кыргызстандык жалгыз спортчу. Каноэ жарышы – кайык спортунун бир түрү. (МТо)

XS
SM
MD
LG