Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда тамеки чегүүнүн жайылышы эркектер арасында 28%, ал эми аялдар арасында 0.68% түзгөн. Бул тууралуу кыргыз-фин долбоорунун изилдөөсүндө айтылат. Медицина жаатындагы адистер бул маалыматтар өтө эле төмөндөтүлүп көрсөтүлгөн дешет.
Ал эми Нарын облустук ден соолук комитети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык Нарын облусунун 36% тургуну тамеки тартарын аныкташкан. Аталган комитет Нарын облусунун бардык райондорунда чылым чегүүнү алдын алдын алуу максатында окуу семинарларды өткөрүп келет. Жакында эле алар "Тамекини таттууга алмаштыр" аттуу акциясын өткөрүп, шаар тургундарынын чөнтөгүндөгү тамекисин алып ордуна момпосуй беришкен. (MiK)