Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Кыргызстанда 3 миңден ашуун баланын документи жок


Кыргызстан боюнча 3 миңден ашуун баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу бүгүн парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында айтылды. Учурда документи жок балдардын канчасы мектепке барбайт деген маселе изилденүүдө. Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, 3,5 миңден ашуун бала профилактикалык каттоодо турат. Алардын ичинен 300дөн ашууну ар кандай иштерге тартылат.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин Байкоочу кеңеши Кыргызстанда 100 миңдей бала мектепке барбай турганын жарыялаган. Эксперттердин баамында, өспүрүмдөрдүн мектепке барбай, кылмыш дүйнөсүнө аралашып калуусуна ата-энелер балдарын таштап, чет элге иштегени кетиши негизги фактор болууда. (КE)

XS
SM
MD
LG