Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Ким: Кыргызстандан кетпейм


Бул тууралуу “Вечерний Бишкек” басылмасынын кожоюну Александр Ким “Азаттыкка” билдирди. Ал бир нече гезит, интернет сайтты каттоодон өткөрүп коюшканын, “Вечерний Бишкек” башка кишинин колуна өтсө да күрөш токтобой турганын белгиледи.

Айрым маалымат каражаттар аталган басылманын мурунку негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкиндин айткандарына таянып, Александр Ким жана интернет редактор Дина Маслова чет өлкөгө кете турганын жазышкан. Ким бул маалыматты төгүндөдү.

- Жума күнү жыйын өткөрдүк. Анда сот каалаган күнү чечим чыгарышы мүмкүн экенин, ошондуктан кожоюн катары соңку чогулуш өткөрүп жатышым ыктымал деп билдиргем,- деди ал.

"Вечерний Бишкектин" айланасындагы чыр былтыр күзүндө башталган. Анын мурунку негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, акциялардагы өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG