Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Партиядагы ийкемдүү тизме боюнча мыйзам долбоор четке кагылды


Саясий партиялардын тизмесин ийкемдүү кылып түзүү демилгесин Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Замир Бекбоев көтөрүүдө.

Ал депутаттык мандат принциптин негизинде эмес, шайлоодо добуш алганга жараша берилиши керек деп эсептейт. Муну менен ал туруктуу тизмеден баш тартууну сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзам долбоор бүгүн Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетте каралды. Айрым депутаттар кайсы талапкер канча добуш алып келгенин аныктоо кыйын экенин белгилеп, бул мыйзамга каршы чыгышты. Натыйжада комитет мыйзам долбоор четке кагылсын деген корутунду берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДПдан депутат Абдыманап Кутушев билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG