Кытайдын Янцзы дарыясына 1-июндун кечинде чөгүп кеткен 458 жүргүнчүнүн азырынча он экиси гана куткарылды. "Чыгыш жылдызы" деген кеме Нанкин шаарынан түштүк-батыштагы Чунцин шаарчасына бараткан. Жергиликтүү маалымат каражаттары теплоход катуу шамалдан улам аңтарылып, эки мүнөттүн ичинде суу астында калган.
Кемеде негизинен улгайган туристтер болгон. Издөө иштерине аба ырайы тоскоолдук кылууда. Дарыянын тереңдиги ал жерде 15 метрди түзөт. Полиция кеменин капитаны менен башкы механигин камакка алды. Алдын ала иликтөө көргөзгөндөй, кеме ашыкча толгон эмес, жан желекчелери менен жетиштүү санда камсыздалган. Кытайдын премьер-министри Ли Кэцянь кырсык болгон жерге барып, куткаруу иштеринин жүрүшү менен таанышып кетти.