Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:23

Обама Ирандын өзөктүк куралына күч менен каршы турууну жактабайт


Тегерандын өзөктүк курал иштеп чыгышына күч менен эмес, сүйлөшүү жолу менен гана каршы туруу мүмкүн. Мындай пикирин АКШ президенти Барак Обама кечээ израил телеканалдарынын бирине курган маегинде билдирди. Анын айтымында, Ирандын өзөктүк программасына курч макулдашуулар гана бөгөт боло алат. Аталган макулдашууларда өзөктүк куралдарды текшерүү жагы каралган.

Обаманын ырасташынча, аскерий аракеттерге АКШ катышкан күндө да маселе чечилбейт. “Аскердик аракеттер өзөктүк программанын өндүрүшүн жайлатышы мүмкүн, бирок программаны толук жокко чыгара албайт”, – деди Обама.

Израилде болсо Ирандын өзөктүк куралына күч менен каршы турууну колдогондор басымдуу.

XS
SM
MD
LG