Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

ИИМ: Мустафа Жемилевдин жардамчысы текшерилип, коё берилди


2-июндун таңында “Манас” аэропортунда крым татарларынын лидери Мустафа Жемилевдин кеңешчиси Рустем Умеров үч сааттай кармалып, кайра кое берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

- Мустафа Жемилев кармалган эмес. Кыргызстанда Умеров деген жаран издөөдө жүргөн. Аты-жөнү жана өңү окшош болгондуктан Умеров текшерилген. Жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, анан койо берилди.

Бишкекке учуп келген крым татарларынан лидери Мустафа Жемилевдин кеңешчиси Рустем Умеров кыргыз милициясынын өтүнүчү менен кармалганын “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева тастыктаган. Буга чейин Украин президентинин крым татарлары боюнча атайын өкүлүнүн Фейсбуктагы баракчасында «Бишкектеги аэропортто кыргыз милициясы Мустафа Жемилев менен анын кеңешчиси Рустем Умеровду үч саат бою кармаганын» жазып чыгышкан. Алар Борбор Азиядагы миграция маселеси боюнча эл аралык конференцияга катышууга келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG