Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:24

Царнаевдин досу алты жылга кесилди


Диас Кадырбаев жана Жохар Царнаев
Диас Кадырбаев жана Жохар Царнаев

АКШда сот Жохар Царнаевдин досу, теги казакстандык Диас Кадырбаевди алты жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Мурдараак Кадырбаев Бостондогу марафон учурунда анын досу жардыруу пландап жатканын билип туруп, полицияга кабар бербей койгонун моюнга алган. Ошондой эле тергөө иштерине тоскоолдук кылуу үчүн досунун жатаканадагы буюмдарын жашырганын айткан.

2013-жылы Бостон шаарында ага-ини Жохар жана Тамерлан Царнаев уюштурган терактта үч адам өлүп, 250дөн ашуун киши жаракат алган. Тамерлан ошол учурда полиция аткан октон мерт кеткен. Ал эми Жохардын үстүнөн эки жылдык соттук териштирүү жүрүп, жакында өлүм жазасы чегерилген. (SE)

XS
SM
MD
LG