Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө турган 10-юбилейлик көргөзмөнүн алкагында “Дарыкана-2015” жана “Сергек жашоо” деп аталган өз-өзүнчө жарманкелер да уюштурулат. Ага дары-дармектен сырткары медициналык адабият да коюлат. Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөрүп жаткан “Кыргызстандагы саламаттык жумалыгы” аттуу форумдун бир бөлүгү.
Аталган мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, 3-5-июнь күндөрү көргөзмөдөн сырткары ден соолукка кам көрүү боюнча семинарлар, талкуулар да пландаштырылган. Ошондой эле медициналык туризмди өнүктүрүү маселеси каралмакчы. (SE)