Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө жыйынтыкталды


Кызылча жана кызамык ооруларына каршы улуттук жапырт эмдөө жыйынтыкталды. Март-май айларында 2 миллион 45 миң 518 адам вакцина алды. Тизме боюнча 2 миллион 307 миң киши эмделиши керек болчу.

Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Камилов “Азаттыкка” билдиргендей, өнөктүккө 35 миллион сомго жакын каражат сарпталып, вакциналар өкмөт жана эл аралык уюмдар тарабынан алынды.

Быйыл жыл башынан бери кызылча оорусуна Кыргызстан боюнча 7 миңге чукул киши кабылган. Адистер учурда абал туруктуу экенин билдиришүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG