Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бостондо террорист деп шектелген жаран атып өлтүрүлдү


АКШнын Бостон шаарында полиция террордук аракеттерди ишке ашырат деп шектелген кишини атып өлтүрдү. Окуя 2-июнда Рослингдэйл районунда болду. Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Усама Рахим полиция кызматкерлерине бычак шилтеп, качууга аракет кылган. Күч органдары кабарлагандай, маркум экстремисттик пландарды ишке ашырууга шектелип, издөөгө алынган эле.

Ал арада анын бир тууганы, Сан-Францискодогу диний ишмер Иман Ибрагим Рахим иниси аялдамада автобус күтүп турган учурда желкесине ок тийип мерт кеткенин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Усама Рахим жаралангандан соң атасына телефон чалып, сүйлөшкөнгө үлгүргөн. Бийлик тийиштүү органдарга окуяга байланыштуу иликтөө жүргүзүүгө тапшырма берди. (SE)

XS
SM
MD
LG