Бүгүн Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Элзада Кыдырмышова билдирди.
“Бүгүн биздин инспекторлор акыркы унаа катталганга чейин иштешет. Эртеңден тарта өлкөгө киргизилген оң рулдуу унаалар каттоодон өтпөйт. Ал эми мурда киргизилгендери кайра каттоодон өтө берет”, - деди Кыдырмышова.
28-февралда президент Алмазбек Атамбаев оң рулдуу унаалардын Кыргызстанга киргизилишине тыюу салган мыйзамга кол койгон.
Мыйзамды демилгелеген ИИМ өлкө аймагындагы жол кырсыктарынын көбү оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатканын жүйө келтирген.
ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдөгү оң рулдуу унаалардын саны 200 миңге жакын, же өлкөдөгү жеңил унаалардын 35% түзөт. (МТо)