Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Түп: Эки адамдан экстремисттик багыттагы адабияттар табылды

Ушул тапта облустук милиция менен УКМКнын аймактык башкармалыгы "Чычкан уулоо-2015" аттуу рейд өткөрүүдө.

Анын алкагында кечээ, 2-июнда Түп районунун Шаты айылынан экстремисттик маанайдагы адабияттарды сактаган деген шек менен айылдын 34 жаштагы тургуну кармалды. Анын үйүнөн 5 DVD диск, бир аудио кассета жана уюлдук телефонунан “Хизб ут-тахрир” уюмун даңазалаган видеолор табылган. Мындан тышкары, Түптүн Ичке-Суу айылынын 32 жаштагы тургунунун телефонунан да диний багыттагы видеороликтер табылган.

Учурда алынган материалдар теологиялык экспертизага берилди. Кармалган адамдардын баш коргоо чарасы сотто каралууда. (AsA)

XS
SM
MD
LG