Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Самаковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок


Карганбек Самаков мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев менен парламентте.
Карганбек Самаков мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев менен парламентте.

Бишкек шаардык соту бүгүн Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын карап, аны үй камагында калтыруу боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Сот чечимине ылайык, Самаков Октябрь районунун аймагынан чыкпашы керек жана түнкү саат ондон таңкы сегизге чейин өз үйүндө болууга тийиш.

Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголуп, эртеси ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. (МТо)

XS
SM
MD
LG