Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:19

ИИМ: Жеке номурун алмаштыргандар 1000 доллардан пара бергенин моюнга алышты

Бул тууралуу парламентте маалымат берип жатып, Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев билдирди.

«Жарандардын жеке номурун өзгөртүү фактысы боюнча 271 паспортту текшердик. Алардын 95% тергөөдө бул үчүн миң доллардан беришкенин моюнуна алышты. Алардын ичинде 12 киши 4-5 жолу жеке номуру менен кошо паспортторун алмаштырган. Бүгүнкү күндө бул боюнча 11 киши жоопкерчиликке тартылууда”, - деди Сатыбалдиев.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылдан бери 40 миңдей жаранга мыйзамсыз паспорт берилген. Алардын арасында кылмыш кылып издөөдө жүргөндөрү да бар. (МТо)

XS
SM
MD
LG