Жарандарга мыйзамсыз паспорттордун берилиши боюнча парламенттеги жыйында депутат Нурбек Мурашев айтып чыкты.
“Мисалы, Ош аэропортунун директорунун орун басары Мамашарипов Чынберди деген адам азыр аты-жөнүн Төлөнов Чынберди деп өзгөрткөн. Ал мурда эки жолу соттолгон. Эми ал ошонусун жашырып иштеп жатат. Мындан башка дагы канча аткаминер аты-жөнүн өзгөрткөнүн текшерип чыгуу керек”, - деди Мурашев.
Аэропорттун директорунун орун басары Чынберди Төлөнов аты-жөнүн 2008-жылы өзгөрткөнүн, бирок мурда соттолбогонун, анын атына кимдир бирөөлөр көө жаап жатканын айтып, тийиштүү органдарга кайрыларын "Азаттыкка" билдирди. (МТо)