Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Горин маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 1ден 20 жашка чейинки 2 миллиондон ашуун адам эмдөөдөн өттү.
“Бул жугуштуу дарт өткөн жылдын 12-майында катталган. Жыл аягында күчөп кетип, өлкө боюнча 20 миң адам кайрылды. Жапырт эмдөөнүн натыйжасында, илдеттин дагы жайылып кетишинин алдын алдык”, - деди Горин. (МТо)