Бүгүн Ысык-Көл районундагы “Аврора” эс алуу жайында жайкы туристтик сезон ачылды.
Ага катышып жатып, өкмөт башчы Темир Сариев ар бир эс алуучунун коопсуздугун сактоого жергиликтүү тургундар да жардам бериши керектигин белгиледи.
“Жакынкы күндөрү жол коопсуздук кызматтарына тапшырма берилип, туристтердин унааларын жөнү жок тосууга бөгөт коюлат. Ошондой эле тейлөө шарттары менен тазалыкка көбүрөөк көңүл бурулат”,- деди Сариев. (AsA)