Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

4-июнга карата аба ырайы


Чоң-Кемин
Чоң-Кемин

Эртең, 4-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо жана тоо этектеринде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12...17, күндүзү 27…32;

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүзү 26…31;

Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүзү 27…32;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүзү 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүзү 19…24;

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүзү 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүзү 2…7.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүзү 30…32 градус болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG