Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Ош: "Жаштык" лагери быйыл да балдарды кабыл албайт


Бул тууралуу "Азаттыкка" кесиптик кошуундар уюмунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Тайлакбай Мусаев билдирди.

Анын айтымында, Оштогу балдардын “Жаштык” лагери быйыл да июнь коогалаңынан жабыркадым деген үй-бүлөлөрдөн бошотулган эмес. Мындай көрүнүш беш жылдан бери уланып келет.

Быйыл Ош шаарынын балдары "Жеткинчек” лагеринде эс алышат. Анда камкордукка муктаж, жетим жана жарым жетим балдар гана эс алууга кабыл алынат. Оштогу жалгыз "Жеткинчек" лагеринде быйылкы сезондо жалпысынан 1400 баланы эс алдыруу болжолдонууда.

Ал эми Ош облусунда балдар эс алган төрт гана лагерь сакталып калган. (YI)

XS
SM
MD
LG