Тажикстандын башкы прокуратурасы ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимовго каршы Кылмыш жаза кодексинин 3-беренеси боюнча иш козгоду. 40 жаштагы полковникке чыккынчылык, кылмыштуу уюмга кошулуу жана чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышты деген кинелер тагылды.
Прокуратура Халимовго Интерпол аркылуу издөө жарыялады. 2-июнда Орусиянын ТАСС агенттиги тажик полковниги Сирияда “Ислам мамлекети” радикал тобунун катарына кошулганы тууралуу такталган маалыматтар бар экенин кабарлаган. 27-майда социалдык тармактарда пайда болгон видеодо Халимов Сирияда урушка аттанганын, жихаддын урааны астында Тажикстанга кайтаарын айткан.