Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Алайкууда мугалим, окуучулар арасында спартакиада өтүүдө


Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү 11 мектептин мугалимдери жана окуучулары волейбол жана шахмат боюнча күч сынашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Көңдүк орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Кылымбек Козубаев билдирди.

“Агай-эжелер, эркек-кыз окуучулар өз-өзүнчө төрт топко бөлүнүп, жалпы 11 команда ойноодо. Максаты - айылдыктарды спортко шыктандыруу”, деди Козубаев.

Кубоктун байге фонду 12 миң сом, андан тышкары да баалуу белектер коюлган. Каражат райондук кесиптик кошуундар бирикмесинен бөлүнгөн.

Алайкуу Ош облусундагы эң четки, Кытай менен чектешкен тоолуу аймак. (МТо)

XS
SM
MD
LG