Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Кадыралиевдин соту 22-июнда башталат


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Канжар Кадыралиевге байланыштуу сот иши 22-июнга белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин сот Кадыралиевдин баш коргоо чарасын гана карап келген.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу өз эрки менен прокуратурага келген. (MTo)

XS
SM
MD
LG