Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Украин аскерлери Марьинканы жикчилдерден коргоп калышты


Украин аскерлери Донецктеги Марьинка шаарына бастырып кирип бараткан жикчилдерди токтотуп калышты. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Степан Полторак билдирди. Анын айтымында, орусиялык жикчилдер шаарга күтүүсүздөн кирип барууга аракет кылышкан. Эки тараптын атышууларынан 7 украин аскери жаракат алган.

Украинанын башкы штабы Марьинка жана Красного́ровка шаарларында оор артиллерия колдонууга уруксат берген.

Расмий Киевдин ырасташынча, атышууга өз алдынча жарыяланган Донецктен 1,5 миңдей аскер, 40тай танк жана оор артиллериялык куралдар колдонулган.

XS
SM
MD
LG