Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Орусияда кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тууралуу документ жактырылды


Орусиянын Федералдык кеңеши Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча өкмөт аралык макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу 3-июнда Орусиянын “Парламентская газета” басылмасы кабарлады. Аталган документке 2014-жылдын 24-ноябрында Бишкекте кол коюлуп, быйыл март айында орус өкмөтү аны жактырган.

Фонддун уставдык капиталы 500 млн доллар. Орусия анын алгачкы 100 миллионун былтыр берген. Быйыл 250 млн. доллар көлөмүндө экинчи транш күтүлүүдө. Ал эми кийинки жылы калган 150 млн. берилет деп пландалган. (SE)

XS
SM
MD
LG