Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 5-каналга маек берип жатып билдирди.
Мэр ал жерге бизнес борборун тургузуу пландалганын, учурда ошол аймактагы курулуштардын долбоорун күтүп жатышкандыктарын билдирди.
“Азырынча биз ал имаратты колдонууга бере албайбыз, анткени ага тыюу салынган. Сунушталган долбоорду карап көрүп, тендерге коебуз. Ал шаар бийлигинин карамагындагы акыркы жерлердин бири. Биз аны бизнес борбор куруу үчүн пайдаланалы деп сунуштап жатабыз”, деди Кулматов.
Бишкектин Киев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын мурдагы кеңсеси 2010-жылы 7-апрель ыңкылабы учурунда өрттөлгөн. (МТо)