Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Кытай жарандарына мыйзамсыз патент берүүнүн бети ачылды


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргызстанда иштөө үчүн Кытайдын 39 жаранына мыйзамсыз патенттерди берген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат кызматкери Санжар Абжалов билдирди.

“Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга мыйзамсыз келип, ишкердик жүргүзүүсүнө жана тиешелүү салыктарды төлөбөгөндүгүнө байланыштуу өлкө казынасына 3,5 миллион сомдон ашуун зыян келген. Ага министрликтин жетекчи кызматтарында иштегендер өбөлгө болушкан”, деди Абжалов.

Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, жасалма документ жасоо, мыйзамсыз ишкердик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG