Депутат Исмаил Исаков “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” мамлекеттик ишканасын сатууга каршы чыгып, аны сатууну демилгелеген экономика министрин кызматтан алууну сунуштады.
“Мегаком” жылына 30–50 млн. долларга чейин киреше алып келет. Эгер аны өнүктүргүлөрү келсе, ошонун 10 миллионун жумшасын. Бизге ошондой долбоор алып келсин, колдоп берели. Сатканда канча болушу мүмкүн - бул башка маселе”, деди Исаков.
Мунун алдында “Мегаком” жеке менчикке өткөрүлүшү керек делген 60 мамлекеттик объекттин катарына кирген. Экономика министри Олег Панкратов мамлекет начар менеджер экенин айтып, ишканаларды өнүктүрүү үчүн жеке колго сатуу керектигин айткан. (МТо)